ТҮЗ ЭФИР
А.Мадумаров Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болду
13.02.2020

 

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды.

Акрам Мадумаровду вице-премьер-министрлик кызматка бекитүүнү Жогорку Кеңеш 12-февралдагы отурумунда колдоп берген.

Мадумаров 2019-жылдын апрелинен тартып өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп иштеген. Ага чейин Мамлекеттик кадр кызматын жетектеген.

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматтан кетүүгө арыз жазып, жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 11-февралда кол койгон.