ТҮЗ ЭФИР
Аймактактык дыйкан-фермерлер менен тыгыз кызматташуу жана маалыматтарды толук жеткирүү учурдун талабы
29.06.2019

27-июнда  Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Э. Чодуев түштүк регионуна иш сапары менен барды. Иш сапарында Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынын райондорунун Агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары, министрликтин адистери, үрөөнчүлүк чарбалардын, дыйканчылык чарбалардын жетекчилери жана жеке феремерлердин катышуусу менен жыйын өткөрдү. Жолугушууда айыл чарба сугат иштери, карантиндик кызмат көрсөтүү иштери, өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жөнүндө, экспорттоо маселелери каралып, жергиликтүү фермерлерге ылайыктуу шарт түзүп берүү боюнча талкуу болду. Мындан тышкары Министр Э.Чодуев, РАӨБ башчыларына аймактагы дыйкан-фермерлер менен байланышып, тыгыз кызматташууну жана маалыматтарды толук жеткирүүнү тапшырды. Иш-чаранын жыйынтыгында суроолор берилип, жеткиликтүү жооптор берилди.