ТҮЗ ЭФИР
Алайда мечит өрттөндү
28.01.2020

 Алайдагы мечиттеги өрт 28-январга караган түнү болгон. Мечит толук күйүп кеткен. Райондун Жаңы-Алай айыл аймагына караштуу Таш-Коргон айылындагы мечиттин  жалпы аянты 180 чарчы метр. Мечиттен чыккан өрт бул диний мекеменин имаратын керектен чыгарды.

Кырсыкка эмне себеп болгонун адистер азыр тактап жатышат.

Соңку бир сутка ичинде республиканын аймагында тогуз өрт катталып, өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылды деп айтылат ӨКМдин маалыматында.