ТҮЗ ЭФИР
Kомиссия «Кт-Мобайл» боюнча чечимин чыгарды
26.06.2019

«Кт-Мобайл» жана «Альфа-Телеком» уюлдук компанияларынын ортосундагы чарбалык чатакты иликтеген Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссиясы чечим чыгарды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Анда бир катар мамлекеттик органдардын башчыларынын жоопкерчилигин кароо жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы делген Иманкадыр Рысалиевдин мамлекеттик орган жетекчисин коркутуу фактыларына укуктук баа берүү сунушталган.