ТҮЗ ЭФИР
Коронавирус боюнча абалды көзөмөлдөп жана алдын алуу боюнча атайын оперативдик штаб түзүлдү
24.01.2020

 Коронавирус боюнча абалды көзөмөлдөп жана алдын алуу боюнча атайын оперативдик штаб түзүү  жыйынга катышып жаткан Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев Кыргызстанда Кытайда жайылып жаткан коронавируска кабылды деп шектелгендер жок экенин жана болуп калса оорукана кабыл алууга даярдыгын билдирген.

Акматованын айтымында, штабга бир гана медиктер эмес, Чек ара кызматынын, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги сыяктуу сырттан келген жарандар жана конокторго тиешеси бар бардык ведомстволордун өкүлдөрү кирди.

Штаб Кытайдагы абал жөнгө салынмайынча иштемекчи.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Вирус адамдарга базарда сатылган жыландар аркылуу жуккан деген версия бар.

Медиктер оору адамдан адамга жугарын айтышты. Учурда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү аба майданындагы текшерүүнү күчөтсө, ал эми кыргыз ТИМи мүмкүн болсо Кытайга барбай турууну сунуштады.

Акыркы маалымат боюнча, коронавирус жуктуруп алгандардын саны 830га жетип, 25 киши каза тапты.