ТҮЗ ЭФИР
Кыргыз киносунун жылдызы-Болот Шамшиев
23.12.2019

  СССРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Болот Шамшиев 78 жаш курагында көз жумду.  Эртең, 24-декабрда Б.Шамшиевдин сөөгү Ала Арча көрүстөнүнө коюлмакчы.

Белгилүү кинорежиссёр, СССРдин эл артисти Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзеде (азыркы Бишкек шаарында) жарык дүйнөгө келген.

Билими:

1964-жылы Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунун режиссёрдук факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

1964-1990 — "Кыргызфильм" киностудиясында режиссёр-коюучу;

1989-1995 — Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаты;

1990 — "Салам-Алик" жеке кинокомпанияны негиздеп жетектеген;

1995 — "Манас" эпосунун 1000 жылдыгындагы театрлаштырылган оюн-зооктун башкы режиссёру;

1998 —1999 — Туризм жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;

2000 —2002 — Кыргызстандын Бириккен Араб Эмирлигиндеги консулу.

Тарткан тасмалары:

"Караш-караш";

"Ысык-Көлдүн кызгалдактары";

"Сүйүү закымдары";

"Ак кеме";

"Эл арасында"

"Эрте келген турналар";

"Бөрү зындан";

“Снайперлер";

"Фудзиямадагы кадыр түн".

Көп тасмага сценарист болгон. 1963-жылы студент кезинде "Зной" тасмасында сүрөтчү Кемелдин образын жараткан.

Шамшиев бир топ сыйлыктардын ээси, арасында Кыргыз ССРинин (1975) жана СССР эл артисти наамы да бар (1991).

  СССРдин эл артисти 1989-1995-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаты, кийин Туризм жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору жана Кыргызстандын Бириккен Араб Эмирлигиндеги консулу болгон.