ТҮЗ ЭФИР
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы боюнча эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү
14.01.2020

Бул сүйлөшүүнүн биринчи айлампасы бүттү.  Бүгүн, 14-январда Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын Гүлистон айылындагы Гүлистон чек ара бекетинде сүйлөшүү жүрдү.

Кыргыз делегациясынын курамында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Орозбек Опумбаев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков бар.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал, аны турукташтыруу боюнча мындан аркы чаралар, чек ара коопсуздугун бекемдөө, чек ара окуяларын алдын алуу чаралары, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин активдештирүү маселелери талкууланды.