ТҮЗ ЭФИР
Нарында 100 окуучуга жайкы лагерь уюштурулду
08.07.2019

Нарын казыяты Ат-Башы районунун «Чар» жайлоосунда 100 мектеп окуучуга жайкы лагерин уюштурду. Жайкы лагерге 70 эркек бала жана 30 кыз катышып, 1 айланпа 10  күнгө созулду, эркек балдарга 3 айланпа, кыздарга болсо 2 айланпа уюштурулду. Окуучуларга адеп, хадис сабактары үйрөтүлүп, ар кандай оюндар, саякаттар уюштурулду. Лагердин жыйынтыгында ата-энелерге чогулуш болуп, сабактарда жана жүрүм-турумунда артыкчылык көрсөткөн окуучуларга мактоо баракчалары ыйгарылды.