ТҮЗ ЭФИР
Оштук футболчулар ийгилик жарата баштады
07.08.2019

 Ош шаарынын 15-16 жаштагы өспүрүмдөрүнөн куралган футбол командасы Кытай мамлекетинин Ганьсу провинциясынын Линься шаарында өтүп жаткан кичи футбол боюнча эл аралык мелдешке катышып жатышат.  Кичи футбол боюнча эл аралык мелдешке 17 өлкөнүн футболчулары катышууда.

«Биздин команда Ош шаарынын атынан катышып жатат. 2 оюнду уттук: Кытайдын командасын 9:2 эсебинде, Таиланддын командасын 5:3 эсебинде жеңдик. Эртең Тажикстандын жана Непалдын командалары менен беттешебиз», - деди машыктыруучу Учкун Абдыжапар уулу.