ТҮЗ ЭФИР
Солтон Сарыда абал тынч
07.08.2019

 Мурда кабарлангандай 5-август күнү Zhong Ji Mining компаниясынын кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыккан.Бул чатактан жабыркагандардын саны 40ка чамалаган. 6-августта чыр чыккан аймакка биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов, ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев барды жана ал жердегилер менен жолугушкан..

Жолугушууда эл бийликке өз талаптарын койгон.Алардын негизгиси- «тез аранын ичинде техниканы чыгарып кеткиле» деген талап.  Элдин талабын премьерге жеткизүү үчүн Боронов кетип баратканда, эл кайта башка шарт койду.  Учурда  бул жерде абал туруктуу.Нааразы болгондордун бир тобу Нарын районунун Кара-Чий айылында боз үй тигип, жол тосуп турганы билдирилүүдө. Милиция коопсуздукту көзөмөлдөп турат.

Ал убакта Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги  кыргыз өкмөтүнөн Солтон-Сарыдагы кен казуучу компаниянын кызыкчылыгын жана укугун коргоо боюнча билдирүү таратты.