ТҮЗ ЭФИР
Унаа кырсыгынан 7 адамдын өмүрү кыйылды
03.02.2020

Каргашалуу бул кырсык Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында болгон. Маалыматка караганда, кырсык аталган  айылдын Жээнбеков көчөсүндө жүз берген. «Lexus ES300» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу башкарууга ээ боло албай калып, электр мамысына урунган. Анын кесепетинен өрт чыгып, 7 эркек адам каза болду. Учурда алардын ысымдары такталып жатат.

Кырсык болгон жерге ӨКМден 6 куткаруучу, тез жардам кызматынан 1 бригада, ИИМ кызматкерлери барышты. Алар өрттү саат 04:35 чамасында толук өчүрүшкөндөн кийин унаанын ичинен 7 адамдын денеси табылган.