ТҮЗ ЭФИР
Жасалма акча жасагандар кармалды
09.12.2019

 

Милиция 2000 сом номиналындагы банкнотаны жасаган деген шек менен Токтогул районунун тургундарын кармады. 27-28-ноябрда бир нече жигит соода жайларынан 200-500 сомго соода кылып, 2000 сомдук жасалма купюраларды бергенин айтып, милицияга кайрылышкан. Кылмышка шектүү катары 18 жаштагы жаран жана алардын 2 шериги кармалган. Алардын жанынан 2000 сомдук жасалма акчаларды табышкан. Кылмышка шектүү  камакка алынды.