ТҮЗ ЭФИР
Жол кырсыгынан каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгү мекенине алынып келинди
05.08.2019

  Казакстандын Кызыл-Ордо облусундагы жол кырсыгы 5 кыргызстандыктын өмүрүн алды. Алардын сөөгү мекенине алынып келинди. Тышкы иштер министрлигинен мекендештердин саламаттыгына жана жол кырсыгы боюнча козголгон кылмыш иштин тергелишине көз салып турары кабарланды. Ошондой эле Алматыдагы башкы консулдуктун кызматкерлери кырсык болгон жерге барып иштин чоо-жайын тактаган.Эскерте кетсек, Мersedes үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Toyota Estima кагышып, минивэндеги кыргызстандыктар жабыркаган. Натыйжада беш адам каза таап, үчөө ооруканага жеткирилген.