ТҮЗ ЭФИР
Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев каза болду
06.02.2020

 Айдар Акаев 5-февралда жүрөк оорудан каза тапкан. Шаршембиде Аскар Акаевдин улуу агасы Чилтен Акаевдин уулу Кубандын сөөгү Кеминде жерге берилген. Айдар Акаев 44 жашында Москва шаарында каза болду. Жакын санаалаштары ал жүрөк оорудан каза тапканын, акыркы жылдары саламаттыгы начарлап жүргөнүн айтышууда.

Маркумдун сөөгү Москва шаарында 8-февралда жерге берилет.

 Айдар Акаевдин Москвада жашап жатканына 15 жыл болду. Ал 2005-жылкы март окуяларында атасы Аскар Акаев бийликтен кулатылгандан кийин ата-энеси, бир туугандары жана өзүнүн үй-бүлөсү менен кошо Кыргызстандан чыгып кеткен.

 Айдар Акаев 43 жашта болчу. Артында эки уул, бир кызы калды. 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

 Москвада жашаган жылдары Айдардын жеке ишкердик менен алектенип жүргөнү айтылса да так маалымат жок.

Айдар Акаев 2001-жылдары финансы министринин кеңешчиси жана алгач Кумтөрдү иштетүүгө алган канадалык «Камеко» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Айдар Акаев 1976-жылы Ленинград шаарында туулган. 1998-жылы АКШдагы Мэриленд университетинде менежмент жана бизнес адистиги боюнча билим алган.

Атасынын бийлигинин учурунда бир катар жооптуу иштерди аркалаган. 2001-жылы Кыргызстандын финансы министринин кеңешчиси болгон. Ал убакта Кыргызстандын Париж клубуна болгон карызын реструктуризациялоо менен алектенгени айтылып жүрөт.

2005-жылы Бокс боюнча федерациянын жана улуттук Олимпиада комитетинин президенти, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. «Рентонгрупптун» ири акциясына ээлик кылары да айтылган. Март ыңкылабынан кийин бардык мамлекеттик кызматтардан бошотулуп, мамлекеттик мүлктү талап-тоноого, каржылык чайкоочулукка байланыштуу шек саналып, кылмыш иши козголгон.

Кийин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы «Кумтөр» иши боюнча коррупцияга байланыштуу айып коюп, эл аралык издөө жарыялаган болчу.

 Айдар Акаев 1976-жылы 20-февралда Ленинград шаарында төрөлгөн. 2005-жылы парламенттик шайлоого катышып, бирок бийлик алмашкандан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

 1998-жылы Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы, 18 жаштагы Алия Назарбаевага үйлөнгөн.

 

2002-жылы НБТ телеканалынын 21 жаштагы алып баруучусу Сайкал Чокубаева менен баш кошкон. Жубайлардын ортосунда бир уул, бир кызы бар.