ТҮЗ ЭФИР
Майрам күндөрү бардык үй-бүлөлүк медицина борборлору штаттык режимде иштейт
02.01.2020

  Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы:

"Министрлик учурда ОРВИ (курч рспиратордук вирустук инфекция) жана сасык тумоо күчөгөнүнө байланыштуу оорунун белгилери байкалган жарандарды оорунун алдын алууну жана аймактык үй-бүлөлүк медицина борбору, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылууну өтүнөт. Инфекциялык ооруга чалдыккандардан алыс болуп, дарыгерлердин багыттамасы менен гана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына барууну суранат. Учурда Бишкектеги бардык үй-бүлөлүк медицина борборлору штаттык режимде иштөөдө. Ишемби, жекшемби күндөрү да саат 8:00дөн 18:00гө чейин стационарлар иштешет. Андан сырткары 103, 18-33 номерлерине күн-түн дебей чалып, акысыз кеңеш алсаңыздар болот", - деп жазган таркаткан маалыматта.