ТҮЗ ЭФИР
Самара Москваны багындырды
31.10.2019

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Самара Каримова 23-октябрда Москвадагы Кремль сарайында концерт берди.

Ал Москва шаарындагы мекендештерге ыраазычылык билдирип, концерттик зал 110 пайызга толгонун билдирди.

«Толкундандануу, сүйүнүү, сыймыктануу менен баштадык. (ичимде ыйлап жаттым) Москва шаарындагы мекендештер, чоң рахмат, таазим сиздерге! Абдан жакшы колдоп бердиңиздер. Легендарлуу Кремль сарайында мекенибиздин гимнин жаңыртуу чоң максатым болчу. Биринчи Алла таалам, экинчи баарыңыздар колдодуңуздар. «Зал 110% толду» деп Кремлдин жамааты айтып жатты. «Кыргызы, вы молодцы, уже вы в Кремле…» десе көзүмө жаш келип кетти», -деп жазды ырчы.

Каримованын «От сердца Азии к миру» деп аталган концертин Орус филармониялык оркестри коштоду. Ырчы кеченин коногу In-Grid менен дуэт аткарган.