ТҮЗ ЭФИР
Бишкекте Каба уулу Кожомкулдун элесине арналган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды
18.06.2019

Бишкекте Каба уулу Кожомкулдун элесине арналган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Мелдеш 13-14-июнь күндөрү Спорт сарайында болуп өткөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Россия, Тажикстан, Түркия жана Өзбекстандан 179 балбан катышкан. Мелдештин жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана дипломдор ыйгарылды.