ТҮЗ ЭФИР
Кыргыз балбаны Бакдөөлөт Эгембердиев Азия биринчилигинде чемпион аталды
08.07.2019

Кыргыз балбаны Бакдөөлөт Эгембердиев Казакстандын Нур-Султан шаарында болуп жаткан өспүрүмдөр арасындагы Азия биринчилигинде чемпион аталды. 16 жаштагы балбан 71 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашып, япон, тажик жана ирандык спортчуларды жеңип алды. Кыргыз балбандары 1 күмүш жана 2 коло медаль алуу менен  командалык эсепте грек-рим боюнча Кыргыз улуттук курамасы 3-орунду ээлешти.