ТҮЗ ЭФИР
Кыргызстандык кыздардын спорттогу жеңиштери
26.11.2019

 

Кыргызстандык Айпери Медет кызы менен Нураида Анаркулова Россияда кыз-келиндер арасында өткөн ачык кубокто алтын медаль утту. Алар финалдык кармашта атаандаштарына мүмкүнчүлүк бербей жеңишке жетишкен.

  Күрөш федерациясынан кабарлашкандай, турнир 23-ноябрда Чебоксары шаарында аяктаган.

Нураида Анаркулова (57 килограммга чейин) финалда россиялык Анастасия Сидельникованын далысын жерге тийгизген.