ТҮЗ ЭФИР
Туркиядагы каргаша
25.01.2020

        Очогунда күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө Түркиянын батышындагы Элязыг провинциясында болду.  Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин акыркы билдирүүсүндө өлгөндөрдүн саны 20га жетсе, ал эми жарадар болгондордун саны 1000ден ашканы айтылды.

Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа жер титирөөнүн эпицентри болгон Элазык шаарындагы уранды алдында 30га жакын киши калгандыгын билдирди. "Элазыкта биз билгенден азыркыга чейин 30га жакын жараныбыз уранды астында калууда. Жер титирөөдө каза тапкандардын саны көбөйүшү мүмкүн", — деп кошумчалады министр.

Зилзаладан жабыр тарткан кээ бир жарандар түндү спорт залдарда өткөргөн.

     Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга жана Түркия элине Элязыг провинциясынын Сивриже шаарында жер титирөөнүн кесепетинен курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты.

«Элязыг провинциясынын Сивриже шаарында жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн жарандардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана жалпы Түркия элине терең көңүл айтам. Каза болгондордун бир туугандарынын жана жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетүүсүн каалайм», — деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.