ТҮЗ ЭФИР

Жылмайып коюңуз

Шаар көрбөгөн аксакал

 

Шаарды көрбөгөн бир аксакал шаарга келсе, баласы тосуп алып:

- Жүрүңүз ата эми бир кафеге кирип тамактанайлы, - деп атасын кафеге алып кирип тамактын түрлөрүн алып берет экен.

- Лагман,- десе атасы унчукпай лагманды жеп коёт.

- Манты,- десе аны да жеп коёт.

- Бифштекс, - десе аны да жеп коёт.         

- Шашлык,- десе аны да жеп коёт экен. Акыры баласы тейлөөчүгө карап

- Салфетка,- десе, атасы:

- Кой балам, аныны кой, аны мен кай жерге батырам, - деген экен. 

Бирөөсү барга келип, барменден сурайт:

 

— Нан барбы?

— Жок!

— Нан барбы?

— Жок дейм!

— Нан барбы?

— Жок дедим го! Дагы бир жолу сурасаң, башыңды жулуп, мык менен дубалга кагып коём!

— Мык барбы?

— Жок

— Нан барбы? )))

Мугалим окуучуларына сабак өтүп жатып суроо берет:

 

- Элестетип көргүлө. Алдыңарда бир кап алтын жана бир кап акыл бар. Кайсы бирин алат элеңер?

Анда бир окуучусу тура калып:

Мен бир кап алтынды алмакмын.

Мугалим:

Эмнеге? Мен сенин ордуңда болгондо бир кап акылды алат элем.

Окуучусу:

Эми агай кимге эмне жетишпесе ошону алат да. 

Мен балерина болгондо...

 

Балеринанын ролун аткармакчы болуп аялдар кийүүчү колготкини, андан соң балеринанын кийимин кийип жатсам, Манас ыраматылык жаныма басып келип:

– Ушинтип оокат кылгыча өлүп эле калбайсыңбы!- десе болобу.

– Бала-бакырамды сен багып берип жатасыңбы? Молчи, искусство требует жертв,- деп алып сахнага чыгып кетип калгам.

Кыдырдын таягы

Бир жигит шашып баратса, жолунан карыган кемпир чыгып:

– Балам, менин көзүм жакшы көрбөйт. Убактың болсо жолдун аркы бетине өткөзүп койчу,- деп суранып калат. Жигит “сообу тийсин” деп кемпирди жетелеп жолдон өткөрүп коймокчу болгондо, кемпир коюнунан бир таякты сууруп чыгып:

– Уулум, эртеден бери он чакты адамдан сурансам, ошолордун ичинен сен менин суранычымды аткардың. Сенин мага кылган жакшылыгың үчүн мына ушул таякты ал. Бул жөнөкөй эмес, сыйкырдуу таяк, көтөргөн сайын акча түшөт,- деп кемпир көздөн кайым болуптур. Көрсө, ошондо алгачкы МАИ кызматкери пайда болгон экен.

Эмнеге Мажиттин куйругу алдында?

Куудул Кабыл Бөрүбаевдин Мажит деген баласы 4 жаштагы кезинде оюна келген суроосун берип, атакесин этектейт дейт.

- Ата, ата эмнеге жаныбарлардын куйругу артында да, меники алдымда, - деген күтүүсүз суроосуна атасы жооп табалбай мазеси качыптыр.

Күйөөсү 1млн акча утуп келип аялына айтат

- Кана жый тез-тез үйдү.

- Эмне болду?

- Мен 1млн утуп алдым, бол тез-тез жый...

Аялы шашып-бушуп жыйып бүткөндөн кийин:

- Мына жыйып бүттүм баарын калтырбай.

Анда күйөөсү:

- Эми кет үйдөн мен башка аял алам!

Отун керекпи?

Түндө уктап жатканда бир чоочун адам дарбазадан кирип, эшикти такылдатып калат:
- Кожоюн, оо кожоюн?
- Эмне болду түн ортосунда? Ким бул?
- Отун керекпи?
- Жок, кереги жок. Кете бергиле.
Эртең менен туруп караса, короосунда бир да отун калбай калыптыр. 

Бырс этме

Апенди базарда корозун сатып жүрүптүр. Бир киши тогуз сом берсе: «Жо-ок, он сом бергин»,- дейт. Ошентип, соодалашып жатып ойгонуп кетсе түшү экен. Апенди короздон да, акчадан да куру калбайын деп дароо көзүн жума калып: «Мейли, тогуз сом болсо деле бере берчи»,- дептир.

Күйөөсү төрөт үйүнө баратат

Күйөөсү төрөт үйүнө баратат

Ким төрөлдү деп сурарын даярданып баратыптыр, аялынын жанындагылардан уялып

- Эркекти бадыран деп сурайм, а кыз болсо помидорбу деп сурайм - деп аябай даярданып барып аялына кыйкырып атат.

- Эй, эмне болду? Помидорбу, бадыранбы? - деп сураса аялы жооп берип атат...

- Шакарап, Шакарап - деп кыйкырып.

Көрсө аялы эгиз төрөгөн экен!

 

Жигит кыз менен таанышып бир аз жүргөндөн кийин жигит айтат:

- Алтыным, билесиңби? Мен сени Ева деп атап жүрөм.

- Эмне үчүн? 

- Себеби сен менин бирден бир айымсың. Адам атанын Евасындай.

- Анда эмесе мен сени Боинг деп атап жүрөм.

- Эмнеге?

- Эмне үчүн дегенде сен менин 747чисиң.

 

Жигит сүйгөнүнө:

- Кымбаттуум, сага жаңы-жылга эмне белек берейин?

Анда кыз жетине албай:

- Ай, өзүм да билбей турам...

Жигит:

- Жакшы экен, ойлогонго дагы 1 жыл убакыт берейин анда...

 

Ж.Акбаров